www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Биз азыр тарыхый окуяларга күбөө болуп жатабыз. Иран бүткүл адамзатты таң калтыруу менен Американын согуштук базаларын жок кылууда. Бирок, дүнүйө буга даяр эмес эле.
Иран өзүнө кол салуу башталгандан 4 күндөн кийин согуш талаасындагы үстөмдүгүн орното алды. АКШнын дүнүйөдөгү эң кымбат жана эң эле заманбап аскердик базаларын, согуштук техникаларын күм жам кылды.
Бахрейн, Кувейт, Катар жана Сауд Арабиядагы Америка аскердик базаларынын дүйнөдө теңдеши жок.
Буларды куруу оңойго турган эмес. Он жылдар аралыгында триллион доллар каражаттар сарпталган. Учурда, 30 жылдан ашык убакыт коротулуп пайда болгон базалардын көпчүлүк бөлүгү иштен чыкканы, колдонулбай турган абалга кептелгени айтылууда.
Миллион долларлар коротулган радарлар бир заматта жок болгонун өзүбүз деле көрүп жатабыз. Ал эми аскердик базалардын абалы мындан да оор. АКШ өз тарыхында Перл-Харбор чабуулунан башка жеңилүү ызаасын эч качан көргөн эмес эле.
(Перл-Харбор (Pearl Harbor) — АКШнын Гаваи аралындагы аскердик деңиз базасы. 1941-жылы 7-апрелде Жапония кокустан бастырып кирген.
Жыйынтыгында, 2403 америкалык аскер өлгөн)
Азыр дүнүйөдөгү эң чоң аскердик күчкө ээ, эң чоң аба күчү бар мамлекеттин абалы жөнүндө сөз жүрүп жатат. АКШ Ирандын авиациялык чабуулун талкалаган бир да видеосун көргөн жокпуз. Америка аскерлери керек болсо, Иранга кадам таштоону элестете албай турушат.
Аларга бул жаңжал үмүтсүздүктү жаратты. Ошондуктан, Трамптын администрациясы Иранга акылга албаган сунуш айтышты. Маселен, Перс булуңунан өтүп бараткан нефти танкерлерине аскердик көзөмөл жүргүзүп берүүнү суранышыптыр. Учурда Ормуз кысыгынан бир да кеме өтө албай турат.
Ачыгын айтканда, Ирандыктар мындай абалга көп жыл бою даярдык көрүшкөн. Кээ бирөөлөр күрт козголоңчуларын тукуруу жолу менен Иранды басып алууну көздөп жатышкандай. Трамп Ирандын картасын эч качан көргөн эмес окшойт. Ал канчалык чоң, кабарыңыз барбы?
Иранды басып алуу деген эмне, сиз аны билесизби? 50 миң, 100 миң адам менен басып алууга болмок беле? Иран аларды жутуп жиберет.
Израил менен АКШ бул согушту алда качан эле уттуруп койгон. Алар миллиондогон жай тургундарды өлтүрүп, күчтүү бомбаларды жардырышы мүмкүн. Бирок, бул согушту эч качан жеңе алышпайт.
Ирандын согуштук инфратүзүмү жана куралдары билинбеген жерлерге жайгаштырылып, жер астындагы чуңкурларга көмүлгөн. Америкалыктар, айрыкча, Израилдиктер буларды таап, ордунда жок кылалбайт. Алар аябай жаман акыбалды. Баштаган иштерин аягына чыгарууга мүмкүнчүлүктөрү да жок. Эми жаңжал бүтүп, колундагылары түгөнгөндө АКШ эч качан Жакынкы жана Ыраакы Чыгышка кайтпайт. Айрыкча, Жакынкы Чыгышта сөлөкөтү да калбайт".
Которгон: Манас Осмон