www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«АКШ - дүйнөнүн ар түркүн элдери чогулган, көп улуттан куралган өлкө. Эгерде АКШда деле мындай эреже болсо, анда Сенаты менен Конгресстин мүчөлөрү ар кыл улуттан болмок да», - деп билдирди бүгүн, 14-мартта журналист Алмазбек Сардеков.

«Урматтуу Б.Бөрүбашев мырза! Урматтуу Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү! Констицуялык мыйзамда көрсөтүлгөн Парламенттик шайлоого катышкан партиялардын тизмесинде 15%дан кем эмес башка улуттун өкүлдөрү болууга тийиш» деген эрежени жокко чыгарып салууну суранам! Бул улутчулдук эмес!

Анткени, 2013-жылы «Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностук мамилелерди чыңдоо концепциясы кабыл алынган болчу. Ошол концепцияны ишке ашыруунун бир тепкичи катары жарандык паспорттон «улут» графасы алынып салынган. «Кыргызстан элдери - бир эле эл болуп, улут-улутка бөлүнбөйбүз» таризиндеги саясат кетип жаткан соң, анда эмне үчүн парламентке шайланчу депутаттардын улутун мыйзам менен сүрүштүрүп жатабыз?

«Демократиянын атасы» делген АКШда деле мындай эреже жок! АКШ - дүйнөнүн ар түркүн элдери чогулган, көп улуттан куралган өлкө. Эгерде АКШда деле мындай эреже болсо, анда Сенаты менен Конгресстин мүчөлөрү ар кыл улуттан болмок да», - деп белгилеген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости