www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент А. Атамбаевдин убагында билинбегени менен кадр маселесине жубайы Раиса Атамбаева да көп кийлигишчү экени айтылып келген. Бирок, ал Майрам Акаевадан айырмаланып, баардыгын тымызын, коомчулукка билдирбей жасачу дешет. Себеби, ачыкка чыгуунун арты кандай болорун көрүп калышкан да.

Бирок, үстүбүздөгү жылдын 31-мартында экс-президент А. Атамбаев баары бир аялынын тилинен чыга албай турганын, анын айтканы айткандай боло турганын байкоосуздан айтып алды. Атамбаев партиянын жабык жыйынынан соң ММК өкүлдөрү үчүн маалымат жыйынын өткөрүп жатып, анда «Ала-Арча» резиденциясына курдурган үйү тууралуу суроого жооп берди. Анда: «Бул үйдү курууга мамлекеттик бюджеттен бир тыйын кеткен жок. Мен өзү негизи Кой-Таштагы үйүм бүтсө, ошол жакка эле жашайын дегем, бирок аялым шаарда жашайбыз дегенинен резиденцияга да үй курдуртууга туура келди» дегендей сүйлөдү.

Демек, Атамбаев кайда жашай турганын да аялы чече турганын түшүнө берсек болот. Кыязы, анын саясатка кайтып келиши керек экендигин да Раиса айым айтса керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости