www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Политика хуже проституции". Мындай пикирди бүгүн, 28-августта NazarNews маалымат агенттигине экс-спикер Алмамбет Матубраимов билдирди.
- Ашраф Гани Ооганстандан качканда, канча бир акчасы батпай аэропортто калып калган. Ал акчаны Талибдер коротпостон Улуттук Банкка өткөрүп беришиптир. Эгерде Ганинин бийлиги турган кезде ушундай акча бир жерде калып кала турган болсо, ошентет беле? Ушул коррупция боюнча сиздин оюңуз?
- Дүйнө жүзүндөгү бүт мамлекетти коррупция башкарат деп ойлойм. Биз коррупцияны ошолордон үйрөнүп жатабыз. Америкада мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кандай коррупциялар бар экенин билесиздер. Мисалы жер мамлекеттен тышкары жеке менчик болсо дагы, ээси жер комитетинин уруксааты жок ал жерге эч нерсе кура албайт. Бул деген мамлекеттин кызыкчылыгы.
Коррупциялык схема болбосо бардык жерде жакшы нерсе болмок. Коррупцияны кыргызчага которо турган болсок кара ниет аткаминерлер менен каралар.
Мамлекеттик башкаруу системасы дүйнө жүзүндөгү караларды тазалай алган жок. Ошол эле укмуш болгон Америка, Кытай, Орусия дагы жок кыла алган жок. Бул өзүнчө дүйнө.
Мына биз айтып жатабыз коррупцияны түп тамыры менен 100 пайыз жок кылабыз деп. Аны дүйнө жүзү дагы жок кыла алган эмес, жок кыла албай келе жатат. Коррупцияга жардам берип турган булар мамлекеттик кызматта иштегендер. Ошондуктан, саясаттын эки жүзү бар дейт. Мына Кыргызстанда дагы акча төлөдү, чыгардык деген нерсе болбош керек. Чын эле ал ошончо сумманы төктүбү же төккөн жокбу? деген суроо туулат. Илгери эле 18-кылымда Францияда айтылган сөз бар "политика хуже проституции". Мисалы азыр партиялардын тизмесин ачып көрсөк ошолор эле кайра үймөлөктөшүп башка партиялар менен бийликке жетүүнү көздөп жатышат. Азыркы учурда байлыгы бардын бийлиги, бийлиги бардын байлыгы бар. Байлыгы жетип калгандар азыр бийликти басып алайын деп жатышат.
Булак: NazarNews.kg