www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кенештин депутаты Алишер Козуев Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жоош айыл аймагында уюштурулган спорттук иш-чараларга катышты.
Футбол жана стол тенниси боюнча мелдештерде айыл жаштары күч сынашып, жеңүүчүлөр атайын байге жана белектер менен сыйланышты.
Иш-чарага колдоо көрсөткөн депутат Алишер Козуев бардык жаш муунду спортту сүйүүгө чакырып: «Спорт ынтымакты бекемдеп, мекенчилдик сезимди ойготот. Ден соолукту чыңдап, сергек жашоо образын түзүүгө көмөкчү болот. Андыктан мындай жарыштардын өтүп турушу абдан маанилүү», - деди.
Ошондой эле жергиликтүү элди Орозо айт жана Нооруз майрамдары менен да куттуктаган эл өкүлү майрамдык иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштурган Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигине жана айыл өкмөт башчыларына ыраазычылыгын билдирди.