www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк басылмалардын маалыматына караганда, 28-февралда Али Хаменеиге жасалган аскердик операция таңкы сааттарда жүргүзүлгөн. АКШнын Борбордук чалгын кызматы (ЦРУ) бир нече ай бою Хаменеинин жүрүш-турушын байкап, анын резиденциясында 28-февралда жогорку жетекчилер менен жыйыны өтөөрүн аныктаган.

New York Times басылмасы белгилешинче, башында чабуул түн ортосуна пландалган, бирок жыйынды күтүп таңкы убакытка жылдырылган. ЦРУ операциянын так убактысын Израилге берген. 

Маалыматка ылайык, Израил соккуну Хаменеинин жайгашкан жерине багыттаса, АКШ башка аскердик объектилерди бутага алган. Израил учактары жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен 9:40та 30 күчтүү бомба таштаган. Жогорку лидер коопсуздук үчүн бункерге кирген болушу мүмкүн, бирок бункер терең эмес экени маалым болду.

Операцияда Ирандын Коргоо кеңешинин катчысы Али Шамхани, коргоо министринин бригадалык генералы Азиз Насирзаде жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жетекчиси генерал Мохаммад Пакпур каза болгон. Президент Масуд Пезешкиандын кеңсеси да жабыркаган, бирок ал тирүү калган.

АКШ президенти Дональд Трамп окуяны Флоридадагы Мар-а-Лаго резиденциясында бир катар аткаминерлер менен көзөмөлдөп турган.

Последние новости