www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 1-июнунда Аламүдүн РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан Кой-Таш жана Ала-Арча аймактарындагы суу жээктеринде суу кырсыктарынын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө жарандарга жана эс алуучуларга сууга түшүүдө коопсуздук эрежелерин сактоо, жашы жете элек балдарды кароосуз калтырбоо, ошондой эле кооптуу жана атайын уруксат берилбеген жерлерде сууга түшпөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары, жарандарга эскертүү баракчалары таратылып, суу жээктеринде өзгөчө этият болуу зарылдыгы белгиленди.
Милиция кызматкерлери жайкы мезгилде жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана ар кандай кырсыктардын болтурбо максатында Чүй облусунун аймагында алдын алуу иш-чараларды туруктуу негизде улантышууда.