www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баңгизат сатууга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Аламүдүн районунда ири өлчөмдөгү гашиш баңгизатын таратып жүргөндөр аныкталган.
Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча катталган.
Шектүү катары чет элдик жарандар — 2001-жылы туулган М.А. жана 2004-жылы туулган А.Р. кармалды. Тергөөдөгү маалымат боюнча, алар жашаган жерлеринде баңгизат топтоп, гашиш сатып жүрүшкөн. Алардын үйүнөн 66 грамм гашиш табылган.
Ошондой эле баңгизатка каршы күрөшүүчүлөр алар жашы жете элек кызды баңгизат колдонууга тартышканын аныкташкан.
Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кийинчерээк Аламүдүн райондук соту тарабынан камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган.
Учурда тергөө жүрүп жатат.