www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы Аламүдүн кичи гидроэлектр станциясынын курулушу учурунда мыйзамсыз бак кыюу фактысын аныктады.

Маалыматка ылайык, Теплые Ключи санаториясынын аймагында «Белен Групп» ЖАК тарабынан жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшүндө 20 түп бак мыйзамсыз кыйылган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын көлөмү 152 миң 208 сом деп бааланган. Компания келтирилген зыяндын суммасын мамлекеттин эсебине ыктыярдуу түрдө толук төлөп берген.

Мындан тышкары, айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын орду толтурулары белгиленди.

Учурда Аламүдүн кичи ГЭСинин курулуш иштери тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан берилген уруксат берүүчү жана макулдашуу документтеринин негизинде жүргүзүлүүдө.

Долбоор боюнча шаар куруу корутундусу, жер тилкесин пайдалануу келишими, техникалык шарттар, курулуш иштерин жүргүзүүгө уруксат берүүчү документтер жана объектти тиешелүү реестрге киргизүү тууралуу документтер бар экени маалымдалды.

Последние новости