www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 27–28-апрелинде нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен жүргөн селден кийин Ош областынын Алай районунда жугуштуу оорулардын пайда болуусун жана жайылышын алдын алууга багытталган ыкчам санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Иш-чаралар Алай райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан уюштурулуп, ага 15 адистен турган 5 эпидемиологиялык бригада ишке тартылды.
Санитардык-профилактикалык иш-чаралар төмөнкү аймактарды камтыды: Гүлчө шаары, Курманжан Датка айылы, Савай участогу — Каримов жана Достук көчөлөрү.
Селден жабыркаган аймактарда, анын ичинде 5 көп батирлүү турак үйдүн айланасында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Үйлөрдүн айланасы, жертөлөлөр, ашканалар, чарбалык курулуштар жана санитардык түйүндөр залалсыздандырылууда.
Иш-чараларды жүргүзүүгө 3 даана атайын техника, 3 гидропульт жана 15 кызматкер тартылган.
Мындан тышкары, жабыркаган калктуу конуштарда азык-түлүктүн коопсуздугуна жана ичүүчү суунун сапатына туруктуу көзөмөл жүргүзүлүүдө.
Кырдаал тиешелүү адистердин көзөмөлүндө, санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралар улантылууда.