www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан Америка Кошмо Штаттары менен Иран Ислам Республикасынын ортосунда тынчтык келишимине жетишилгенин кубаттайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
«Бардык катышкан тараптарга, анын ичинде ШКУга мүчө мамлекет — Пакистанга активдүү ортомчулук аракеттери үчүн, ошондой эле тийиштүү бардык тараптарга бул натыйжага жетишүүгө салым кошкон токтоолугу үчүн ыраазычылык билдиребиз.
БУУнун Уставына жана эл аралык укуктун жалпыга таанылган нормаларына негизделген пикир келишпестиктерди саясий жана дипломатиялык жолдор менен гана чечүүнү ырааттуу жактап, Кыргыз Республикасы келишимге расмий кол коюу аймакта туруктуу жана узак мөөнөттүү тынчтыкты орнотууга салым кошот деп үмүттөнөт», - деп жазган Алагөзов.
АКШ менен Иран согуштук аракеттерди токтотууга багытталган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Келишимде эгемендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү урматтоо, ошондой эле бири-биринин ички иштерине кийлигишпөө принциптери бекитилген.