www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын “Кызыл-Суу” автономиялык облусунан Кыргызстанга атчан сапар тартып келе жаткан Риза менен Гүлсанатты жолдо карай кыргыздар кадырлап тосуп алып, урмат-сый менен узатып жатышат. Алардын үйлөрүнөн чыкканына 10 күндөн ашты. Кыргызстандын Торугарт чек арасына бүгүн-эртең келип калганы турат. 

Кыргыздын сыймыктуу, мекенчил кыздарын чек арадан мамлекеттик деңгээлде чоң урмат-сый менен кадырлап тосуп, Кыргызстанды түрө кыдыртып, жер көрсөтүп, кыргыздын меймандос улуулугун даңазалап, кыргыз эли кыздарын алканга салып сыйлаган нарктуулугун далилдөө парз.   

Анткени, ашуу ашып, суу кечип узак сапар атчан жол тартып, Ата-Журтту көздөй жол алган Риза менен Гүлсанаттын жүрүшү катардагы жөн гана саякат эмес. Бул –  улуттун рухун ойготкон, кыргыздын канындагы мекенчилдик сезимин кайрадан жалындаткан тарыхый символ. Дегенибиз, он күндөн ашуун убакыттан бери тоо ашып, бел белестеп келаткан кыргыздын кайраттуу кыздарын жолдой карай кыргыз эли урмат-сый менен тосуп алып, ак тилегин айтып, улуттун намысы катары узатып жатышы, кыргыз элинин өз наркын жоготпогонунун айгинелейт.

Кыргыз тарыхында кыз баланы жөн гана үйдүн куту эмес, улуттун абийири катары караган түшүнүк жашап келген. “Кыз бар жерде ыйман бар” деп, кызды кастарлап, төргө чыгарып, элдин жүзү катары сыйлаган элбиз. Бүгүн Риза менен Гүлсанат ошол нарктуу салтты өрнөк кылып дүйнөгө көрсөтүп жатышат. Алардын Кыргызстанга жасаган сапары – бөлүнүп-жарылган дүйнөдөгү кыргыздын руханий биримдигин көздөгөн сапар.

Ошондуктан бул окуяга мамлекеттик деңгээлде көңүл буруу зарыл. Аларды тосуп алуу расмий иш-чара эмес, улуттук идеологиянын көрүнүшү болушу керек. Андыктан, Кыргызстандын чек арасында аларды чоң урмат-сый менен тосуп алуу, дүйнөгө кыргыз эли кыздарын кандай баалай турганын көрсөтөт эле. Атчан келген кыздарды ак элечекчен энелер ак менен тосуп, манасчылар бата берип, комуз күүлөрү жаңырып каршы алынса, бул көрүнүш ар бир кыргыздын жүрөгүндө сыймык жаратмак.

Андан ары аларды өлкө аймагын кыдыртып, касиеттүү жерлерди көрсөтүп, эл менен жолугушууларды уюштуруу зарыл. Кыргызстандын төгөрөгүн көрсөтүп, кыргыздын кең пейилин, меймандостугун, маданиятын тааныткан иш-чаралар өткөрүлсө, бул жаш муун үчүн дагы чоң тарбия болмок. Анткени азыркы заманда улутту сактап кала турган эң күчтүү нерсе – руханий байланыш, тарыхый эс тутум жана мекенге болгон сүйүү.

Риза менен Гүлсанаттын атчан сапары – кыргыз элинин наркы бийик, руху күчтүү эл экенин далилдейт . Эл өзүнүн намыстуу кыздарын урматтаганда гана улуу эл бойдон калат. Бүгүн кыргыз эли дал ошондой нарктуу эл экенин дагы бир жолу далилдей турган учур келип турат.

Алмазбек ТЕМИРБЕК

Последние новости