www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош ШИИБ начальниги Акылбек Мамасейитов акыркы күндөрү көйнөгүнө батпай дардайып, ооз көптүрө сүйлөп, мактанып жатканын кабарлашты. ИИМдин 1-орун басары Сүйүн Өмүрзаков парламенттик шайлоого аттанып жатканы, бошогон орунга Акылбек Мамсейитовдун ашыкканы, маселе чечилип калганы боюнча бакылдап, жууп жибергенге үлгүргөнү кандай? Байлыгына манчыркап, жогорку кызматты сатып алгандай түр жарата береби?

Ош шаарындагы кылмыштуулукту эптей албай жатып, ИИМдин 1-орун басарлыгына секирик жасаса, бүтүндөй системага шек кетпейби? Мындан башка татыктуу кадрлар калбай калды беле? Мисалы, полковниктер Жеңиш Жоробековду же Канат Жумагазиевди көтөрсө жарашпайбы? Куп келишет да!

Булак: Азия News гезити

Последние новости