www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматынан кеткенден бери саясий аренадан көрүнбөй, өзүн коомчулуктан далдоо кармап жүрөт. Албетте, таптакыр эле чээнге кирип кеткен жок. Тымызын интригалар менен алек болуп жүргөнү каңкууланууда.

Алсак, жакында эле жоон топ мурдагы аткаминерлерди ээрчитип Москвага барып, саясий кызыкчылыкка байланышкан сүйлөшүүлөрдү түртмөлөп жүргөнү кеп болду. 

Анын мындай кылыгы Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынган окуяга туш келгени да көп нерседен кабар берет десек болчудай. Бул жөн гана дал келүүчүлүкпү же “иттин өлүгү жыттанган” мандемдүү көрүнүшпү? Азырынча суроо көп?

Негизи “сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн” жагынан Акылбек Жапаров алдына ат салдырбаган жайы бар. Андыктан, бул кырдаалдан деле “кургак” чыкса таң калыштын кажети жок. 

Мына буга дейре УКМКнын операциясында жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаев менен айрымдар сүрөткө түшүп койгону үчүн жоопкерчиликке кириптер болушту. Акылбек Жапаров Камчы Көлбаев апасынын юбилейин өткөргөн тойго барып, “апо” деп оодаларды айтып жүргөн видеотасма далил катары турса да, дың деген эч ким болгон жок.

Буга дейре дагы Салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдувапов менен анын орун басары Исламбек Кыдыргычов электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК-ЭТТН) пайдаланууга байланыштуу коррупциялык схемага айыпталып камалып чыгышты. Андагы өлкөгө бир нече миллиардаган зыян келген кыңыр иште Акылбек Жапаровдун дагы тиешеси бардыгы кыйыр түрдө айтылган менен укуктук баа берилбей калды. 

Мындан улам, коомчулук Акылбек Жапаровго келгенде эле мыйзам “шалга” айланып калабы, же ал кол тийгис “ак каргабы” эмнеге жоопкерчилик тартпай жатат деп нааразы болгондор болгон. 

Эми минтип “боор ооруса боорго тебет” дегендей, жумшактыкты кол тийгис катары кабылдап, тынчтана албай жатканы кызык болууда? Көп баскан аяк бок басат боло электе, куйругунда калбыры барлар жөн эле жүрүшсө болмок. Бечелге жөтөлдүн эмне кереги бар эле?

Последние новости