www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК активист Мавлян Аскарбековду кармаганы тууралуу соцтармакка журналист Адилет Айтикеев 12-июнда жазып чыкты. Ал активисттин эмне иш боюнча кармалганын тактаган жок.
УКМК бул боюнча расмий маалымат бере элек. Аскарбековдун жубайы да ал кармалганын ырастады.
Активисттин бөгөт чарасы бүгүн, 13-июнда Ленин райондук сотунда каралышы күтүлүүдө.
Бүгүн Аскарбеков соцтармактагы баракчасына өзүнө карата провокациялык мүнөздөгү маалыматтар таратылып жатканын жазып чыккан эле.
Анын алдында соцтармактагы айрым баракчаларда Мавлян Аскарбековду каралаган видеолор жарыяланган.
47 жаштагы Мавлян Аскарбеков өлкөдөгү окуяларды активдүү комментарийлеген саясатчылардын бири. Ал бийликтин айрым иштерин сынга алган пикирлери менен бөлүшүп келген.
Аскарбеков буга чейин парламенттин шайлоосуна бир нече жолу талапкерлигин койгон.