www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Актер Сүймөнкул Чокморовдун Бишкектин борборундагы айкели бир аптадан ашык убакыттан бери ак кездемеге оролуп, ачылбай турат. Буга байланыштуу шаар тургуну Чолпон Кулмухамбетова социалдык тармак аркылуу мэрге кайрылды.

Ал эстиликтин ачылбай турушу маданиятсыздык экенин белгилейт.

«Бул борбор калаада болбой турган көрүнүш. Бир аптадан бери ушунтип турат», — дейт ал.

 

Шаардыктар бул көрүнүштү актерду шылдыңдоо, кордоо катары кабыл алганын жазууда.

Белгилей кетсек, Сүймөнкул Чокморовдун айкели 2017-жылы орнотулган. Бирок ал көпчүлүккө жаккан эмес. Коомчулуктун сын-пикири кабыл алынып, эстелик кайра жасала турган болуп, ал 2022-жылы алынган.

Жаңысын скулпьтор Азамат Абдрахманов менен архитектор Нурсейит Мамбетказиев жасады.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости