www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка Кошмо Штаттарында мигранттар үчүн өтө маанилүү болгон коммерциялык айдоочулук лицензия (CDL) берүү эрежелери өзгөрүп, Non-Domiciled статусундагы айдоочуларга трак айдоого тыюу салынды. Бул чечим АКШдагы миңдеген кыргызстандык мигранттарга түз таасир этери айдан ачык болуп калды.

Кандай өзгөрүү болду?

Жаңы эрежеге ылайык, CDL алуу же узартуу укугу төмөнкү категориядагы адамдарга гана берилет:

АКШ жарандыгына ээ болгондорго, туруктуу жашоочуларга (Green Card ээлери), айрым атайын визалардын ээлерине. Ал эми Non-Domiciled статусунда CDL алган айдоочулардын лицензиясы күчүн жоготууда, мөөнөтү бүткөндөн кийин аны узартууга мүмкүн болбой калат.

Бул эмнени билдирет?

Биринчиден Кыргыз мигранттарына түздөн-түз сокку: Мигрант айдоочулардын бул категориясындагылар — негизинен кыргызстандыктар. АКШда жүргөн жаран Медербек Саидовдун билдирүүсүнө ылайык, Non-Domiciled CDL ээлеринин 90%ы кыргыздар.

Белгилей кетсек АКШдагы кыргызстандык жаран Медербек Саидов өзүнүн социалдык баракчасына мигранттарга кысым башталганын жазган.

АКШда мигрант трак айдоочуларга болгон мамиле 180° өзгөрдү. Non-Domiciled (туруктуу жашаган жери жок) статусунда CDL алган мигранттарга эми трак айдоого тыюу салынды. Бул категорияга кирген айдоочулардын лицензиясы жараксыз болуп калууда.

Мындан ары тракты айдай алышат болгону: АКШ жарандыгы барлар (US Citizens), грин-карта ээлери (Permanent Residents), айрым виза ээлерине гана мүмкүнчүлүк бар. Non-Domiciled статусундагы CDL ээлеринин 90%ы кыргыз мигранттар. Дал ушул чечим эң көп биздин диаспорага сокку урат. Учурдагы күбөлүгүнүн мөөнөтү бүткөнгө чейин трак айдоого болот бирок бүткөндөн кийин узартууга болбойт. Жакшы АКШда бийлик 4 жылда мыйзамдуу шайлоо аркылуу бир алмашып турат, деп жазган Саидов.

Жумушсуздукка түртүү коркунучу:

Америкада жүк ташуу тармагында иштеген мигранттардын басымдуу бөлүгү трак айдап күн көрөт. Бул кесип — кыйла туруктуу киреше булагы болгон. Эми CDL лицензиясынан ажыраган миңдеген кыргыз мигранттары жумушсуз калуу коркунучунда.

Келечектеги легалдаштыруу мүмкүнчүлүгүнө доо кетет: Көпчүлүк айдоочулар лицензиясы аркылуу расмий салык төлөп, кийин Green Card же жарандык алууну максат кылган. Эми бул жол да кыйындашы толугу менен мүмкүн.

Бул чечимдин артында эмне турат?

АКШдагы айрым штаттар акыркы убактарда мигранттарга болгон саясатты катуулатып, айрыкча документсиз жашап жүргөндөрдүн жумушка тартылышын чектөөгө аракет кылып жатышат. Бул тенденция 2024-жылдагы президенттик шайлоого карата консервативдүү саясатчылардын миграция маселесин саясий куралга айлантуусу менен байланыштуу.

Non-Domiciled CDL ээлерине чектөө киргизүү — миграцияга каршы кадамдардын бири болушу мүмкүн. Бул чектөөлөр башкаларга да таасир этиши ыктымал — мисалы, башка жумуштарда иштеген, бирок документ маселеси мигранттарга чечиле элек.

Кыргыз бийлигинин аракети кандай болот?

Бул маселеде Кыргызстандын ТИМи же АКШдагы элчилиги расмий реакция кыла элек. Бирок бул кадам диаспорага системалуу таасир эте турган маселе болгондуктан, расмий бийликтен реакция талап кылынат.

ТИМ төмөнкүдөй иш-аракеттерди көрүшү керек: Ички миграция саясатында бул жагдайды эске алып, АКШ бийлиги менен дипломатиялык деңгээлде сүйлөшүү жүргүзүү жана Кыргыз диаспорасын юридикалык колдоо менен камсыздоо зарыл.

Мигранттар эмне кылышы керек?

Лицензиясы бар учурда мүмкүн болушунча мыйзамдуу макам алууга аракеттенүү. Бул Green Card же виза категориясын өзгөртүү жолдорун камтышы мүмкүн.

Жергиликтүү юристтер менен кеңешип, ар бир штаттын өзүнүн эрежелерине аракет кылуу керек. Диаспора ичинде уюшуп, маселени саясий, укуктук жана коомдук деңгээлде көтөрүү — таасирдүү жолдорду издөө зарыл.

Жыйынтыгында АКШдагы CDL эрежелеринин өзгөрүшү — жөнөкөй юридикалык маселе эмес, Кыргызстандын миңдеген жарандарынын турмушуна түздөн-түз таасир этчү чоң көйгөй. Бул тенденция уланса, башка тармактарга да таасир этиши мүмкүн.

Кыргыз мигранттары үчүн бул сыноо жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачышы мүмкүн — бирок бул үчүн мамлекеттик деңгээлдеги колдоо, коомдук уюмдардын активдүүлүгү жана ар бир жарандын маалымдуулугу талап кылынат.

Последние новости