www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Түркияга F-35 истребителдерин берет

АКШнын администрациясы Түркияга F-35 истребителдерин берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгып жатат жана бул маселе боюнча Конгресс менен иш алып барууда. Бул тууралуу АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс билдирди.

«АКШнын коргоо министри Хэгсет жана анын командасы учурда бул маселени карап жатышат. Анткени АКШнын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу үчүн белгилүү бир процедуралар жана макулдашуулар зарыл. Президент бизге ушул багытта иш алып барууну тапшырган», – деди Вэнс Ак үйдө АКШнын президенти Дональд Трамп менен Марк Рютте жолугушуу учурунда.

Анын айтымында, маселенин негизги бөлүгү Конгресстин чечимине байланыштуу.

«Бул жерде негизги суроо – Түркия F-35 учактарын сатып алууга мүмкүнчүлүк берүүчү АКШнын мыйзамдык талаптарын аткарып жатабы же жокпу деген маселеде», – деп түшүндүрдү Вэнс.

Последние новости