www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америкалык сенатор Жим Бэнкс Breitbart News басылмасына берген маегинде АКШнын президенти Дональд Трамп менен Владимир Зеленскийдин жолугушуусу анын америкалык саясаттагы эң таасирдүү учурларынын бири болгонун айтты.
"Зеленский Америкага урмат-сый көрсөтпөдү, <…> ал Америкага урмат-сый көрсөтпөгөнү анын кийими аркылуу символикалуу көрүнүп турду", — деди сенатор.
Анын айтымында, Зеленский тынчтык идеясына олуттуу мамиле кылбайт, ал эми АКШнын президенти тескерисинче, тынчтыкка умтулат.
Жума күнү Вашингтондо Трамп, АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс жана Зеленский жолугушкан. Бирок сүйлөшүү ачык кайым айтышууга айланып кеткен. Зеленский өзүнүн позициясын далилдөөгө аракет кылып, сүйлөп жаткан адамдарды улам-улам бөлүп, Украинанын Россия менен жалгыз күрөшүп жатканын айтып жаткан.
Fox News телеканалынын маалыматы боюнча, АКШ президенти чыккан талаштан кийин Зеленскийди түз эле кууп чыккан. Ошондой эле, сейрек кездешүүчү металлдар боюнча келишим да үзгүлтүккө учураган.