www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамп Кытайга жардам  сунду

 АКШ президенти Дональд Трамп Твиттердеги баракчасына "Биз жаңы вирустан улам Кытай менен тыгыз байланыштабыз. АКШда бул илдетке кабылгандар өтө аз санда катталса да, баары бир чочулоо бар. Кытайдын президенти Си Цзинпинге өз жардамыбызды сунуштадык. Бизде мыкты адистер бар" деп жазган өздүк баракчасына.

Белгилей кетсек, акыркы  маалыматтар боюнча өпкөнү сезгенткен коронавирустан,  Кытайда каза тапкандардын саны 81 адамга жетсе, жуктуруп алгандардын саны 3 миңге чамалады.  

Аталган оору Кытай мамлекетинен Түштүк Корея, Япония, АКШ, Таиланд, Канада, Вьетнам, Сингапур, Непал, Франция, Австралия жана Малайзия өлкөлөрүнө чейин жеткени маалым болду.,

Эске салсак, адам организминде буга чейин кездешпеген вирустан улам,  дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү коопсуздук чараларын күчөтүп жатышат. Кыргызстан Кытай менен каттамдарды убактылуу токтотконун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 27-январда өкмөттүк жыйында билдирген.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости