www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ өкмөтү Атлантика океанында дайынсыз жоголгон "Титан" батискафын издөөгө болжол менен 1,2 миллион доллар сарптады. Чыгымдарды Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун (CSIS) улук кеңешчиси Марк Кансиан эсептеп чыккан.

"Дайынсыз жоголгон "Титанды" издөөдө АКШ өкмөтү болжол менен 1,2 миллион доллар бөлгөн", - деп жазган Washington Post Кансиандын сөзүн цитата кылып, азыркы айтылган суммадан да көп болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

"Титан" 1912-жылы чөккөн "Титаникке" беш кишини ташып бара жаткан. 19-июнда ал туристтик экспедиция учурунда Атлантика океанында жоголуп кеткени белгилүү болгон. Издөө иштерине америкалык жана канадалык кемелер жана учактар, ошондой эле сууда сүзүүчү база жана деңизди өнүктүрүү боюнча Франциянын океанографиялык изилдөө институтунун кемеси тартылган.

22-июнда батискафтын калдыктары табылган. Экипаждын беш мүчөсү тең каза болгон. Эксперттер кырсыктын себептерин тактоо иштерин улантышууда.

Америкалык OceanGate Expeditions компаниясына таандык кеменин бортунда анын негиздөөчүсү Стоктон Раш, британиялык миллиардер Хамиш Хардинг, пакистандык ишкер Шахзада Давуд жана анын уулу Сулейман жана франциялык деңиз изилдөөчүсү Пол-Анри Нарджолле болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости