www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Касым-Жомарт Токаев АКШ президентинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Серджио Гор менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин ырасташты.
Жолугушуунун негизги темасы экономикалык жана инвестициялык кызматташтык болду. Акыркы бир жылда эки өлкө ортосундагы долбоорлордун көлөмү 20 миллиард доллардан ашкан. Ошондой эле санариптештирүү, транспорт жана «C5+1» форматынын алкагындагы стратегиялык мааниге ээ минералдарды жеткирүү маселелери талкууланды.
Токаев Казакстан Тынчтык кеңешинин ишине практикалык салым кошууга даяр экенин билдирип, жолугушуунун соңунда Дональд Трампка салам жолдоп, жакын арада жогорку деңгээлдеги жолугушуу өтөрүнө үмүт артарын айтты.