www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги «грин кард» лотереясы боюнча электрондук анкета тапшырууга жардам сунуштаган шылуундар пайда болгонун "Азаттыкка" билдиришкен. Элчилик тараткан маалыматта алар айрым веб сайттар аркылуу жарнама берип, кызматы мыйзамдуу экенин жарыялап, кээде ири суммада акча талап кылып жатышканы, бирок чынында АКШ элчилигине эч кандай тиешеси жок экени айтылат.
“Грин кард лотереясына анкета тапшыруу аябай жөнөкөй жана ал үчүн акы алынбайт. Катышууну каалагандарды ашык чыгым болбой, ортомчулардын кызматын колдонбоого чакырабыз” деп билдирет элчилик.
Ар улуттагы иммигранттарга лотерея жолу менен АКШга виза утуп алуу мүмкүнчүлүгүн берген өкмөттүк программа аркылуу жылына 55 миң адам визалуу болот. Ага катышуу үчүн элчиликтин расмий сайтынан катталуу керек.
Булак: NazarNews.kg