www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Нурбек Жангабылов АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин аймактык коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Марк Ричардсон менен жолугушту, деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Жолугушууда тараптар кызматташууну мындан ары бекемдөө, укук коргоо жаатындагы өз ара аракеттешүүнү талкуулашты.

Андан соң Нурбек Жангабылов АКШнын элчилигине Кыргызстандын ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана коомдук коопсуздукту камсыздоого кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле, тараптар өз ара аракеттенүүгө жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости