www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук лыжа боюнча курама команданын мүчөсү Максим Гордеев Бээжиндеги Олимпиадага лицензия алды. Ал Караколдо 1995-жылы 1 ноябрда туулган. АКШнын президенти Жо Байден 2022-жылкы Кышкы Олимп оюндары Кытайдын Бээжин жергесинде өткөрүлгөнүнө байланыштуу АКШ дипломатиялык бойкот жарыялоосун салмактап көрөрүн билдирди. “Аны биз караштырып жатабыз”, - деди ал кабарчыларга. Дипломатиялык бойкот АКШнын эч бир расмий өкүлү Кышкы оюндарга жиберилбей турганын билдирет. Мындай чечим АКШ-Кытай мамилеси чыңалып кеткен шартта айтылууда. Дүйшөмбү күнү Байден Кытайдын президенти Си Цзинпин менен өзүнүн алгачкы түз сүйлөшүүсүн жүргүзгөн.Кытай Тайван боюнча АКШны “от менен ойнобоого” чакырды. Кытайдын ракетасы АКШны абдан чочутту. Ак Үйдөн Байдендин басма сөз катчысы Жен Псаки билдиргендей, АКШ менен Кытайдын лидерлери дүйшөмбү күнкү үч саатка созулган виртуалдык жолугушуу учурунда Олимпиада жөнүндө талкуу кылышкан эмес.

1 1924 Шамони, Франция

II 1928 Санкт-Мориц, Швейцария

III 1932 Лейк-Плэсид, АКШ

IV 1936 Гармиш-Партенкирхен, Германия

V 1948 Санкт-Мориц, Швейцария

VI 1952 Осло, Норвегия

VII 1956 Кортина д'Ампеццо, Италия

VIII 1960 Скво-Вэлли, АКШ

IX 1964 Инсбрук, Австрия

Х 1968 Гренобль, Франция

XI 1972 Саппоро, Япония

XII 1976 Инсбрук, Австрия

XIII 1980 Лейк-Плэсид, АКШ

XIV 1984 Сараево, Югославия

XV 1988 Калгари, Канада

XVI 1992 Альбервиль, Франция

XVII 1994 Лиллехаммер, Норвегия

XVIII 1998 Нагано, Япония

XIX 2002 Солт-Лейк-Сити, АКШ

XX 2006 Турин Италия

XXI 2010 Ванкувер, Канада

XXII 2014, Сочи, Орусия

XXIII 2018 Пхёнчхан, Корея

XXIV 2022 Пекин, Кытай

Жайкы Олимпиадалык оюндарга кыргызстандык спортчулар да катышып келатат. Кыргызстан көз карандысыз мамлекет болгондон кийин, биринчи жолу 1994 жылы Лиллехамердеги кышкы олимпиада оюндарына катышкан, жана ошондой эле азыркы учурда да бардык Олимпиадалык оюндарга катышып келет. Ал эми жайкы Олимпиада оюндарына 1996 жылдан тартып катышып баштаган.Себеби Кыргызстандын спортчулары Бириккен командалардын курамына кирген, мурда 1952 жылдан - 1992 жылга чейин СССРдин туусунун алдында катышкан Мурункуларды санабай эле койо туралы. .1980-жылы Москвада өткөн XXII жайкы олимпиадалык оюндарда кыргызстандык оор атлетчи Каныбек Осмоналиев Олимпиада Оюндарынын чемпиондугун жеңе алган. Осмоналиев 52 килограммга чейинки салмакта мелдешке катышып, жалпысынан 245 кг жүк көтөрүп, өз доорунда олимпиадалык рекордду жаңырткан. Ушул эле олимпиадада СССР курамасында кыргызстандан барган мерген Александр Мелентьев, жеңил атлетчилер Татьяна Колпакова, Николай Чернецкий, ат спортчусу Александр Блинов олимпиада чемпиондору аталышкан. Бардыгы болуп бул Олимпиадада кыргызстандыктар 5 алтын медаль жеңип алышкан. Москва олимпиадасында 42 км.195 метр марафондук жарышында кыргызстандык жөө күлүк Сатымкул Жуманазаров марага үчүнчү келип, коло байгенин ээси болгон. Сатымкул Жуманазаров 42 км 195 м аралыкты 2 саат 11 мин 16 секундада чуркап өткөн. Бул окуя советтик марафончулардын олимпиялык жарышка катышуу тарыхында биринчи жолу 3-орунду ээлеп, коло медалды жеңип алган учур катары катталган.

1988-жылкы Сеул олимпиадасында кыргызстандык жөө күлүк Мария Кулчунова менен футболчу Сергей Фокин олимпиада чемпиондору аталган.

1992-жылы Испаниянын Барселона шаарында өткөн XXV жайкы олимпиадада кыргызстандык гандболчу Талант Дүйшөбаев менен баскетболчу Елена Баранова олимпиаданын туу чокусун багындырып, алтын медалды утуп алышкан.

1996-жылы АКШнын Атланта шаарында өткөн XXVI жайкы олимпиадага Кыргызстан эгемендүү өлкө катары биринчи жолу өз желеги астында ат салышкан.

2000-жылы Сиднейде өткөн XXVII жайкы олимпиадада дзю-до күрөшүнөн Айдың Смагулов аттуу кыргызстандык атлетчи Кыргызстанга коло байгени утуп берген.

Ал эми 2004-жыл Афинада өткөн жайкы олимпиада оюндарында Кыргызстанлдык улуттук команда ийгиликсиз кайтышкан.

2008-жылдагы Пекин олимпиадасында Кыргызстан 205 өлкөнүн ичинен 67-орунду ээледи. Бул оюндарда кыргызстандык балбандар көрүнө алышты. Грек-рим күрөшүнөн 66 килограмм салмактагы Канатбек Бегалиев финалда француз балбаны Гуенот Стиф менен кармашып жеңилип калган. Бирок ал кыргызстанга күмүш байге алып келди.

Ал эми 2012-жылы Лондондо, 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн жайкы олимпиада оюндарында Кыргызстанлдык улуттук команда ийгиликсиз кайтышкан.

Акыркы мезгилдерде спортко көп көңүл бурулбай, бул тармак соолгундап бараткан. 2021-жылы 23-августта, Токио шаарындагы XXXII жайкы Олимпиада — 2020 оюндарынын байге ээлери жана катышуучулары сыйланды. Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө Олимпиада катышуучуларына жогорку жетишкендиктери үчүн ыраазычылык билдирип, 2024-жылы Париждеги Олимпиада оюндарында алтын медалдарды утуп келүүгө чакырды. Мамлекет башчысы Олимпиада байге ээлерине II жана III даражадагы «Манас» орденин, акчалай сыйлыктарды жана Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов менен Мээрим Жуманазаровага «Toyota RAV4» үлгүсүндөгү автоунааларын тапшырды.

Ошондой эле, Кыргызстандын курама командасынын Олимпиада оюндарындагы жогорку жетишкендиктерине кошкон маанилүү салымдары үчүн мамлекеттик сыйлыктар жана акчалай сыйлыктарр берилип, Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын бардык мүчөлөрүнө, машыктыруучулар, дарыгерлер жана спорттун бардык түрлөрү боюнча Федерацияларга ыраазычылык билдирилди.

Өз кезегинде Айсулуу Тыныбекова президенттин колдоосуна ыраазычылык билдирип, 2024-жылы Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарына катышарын билдирди. Ушундай эле сыйлык менен грек-рим күрөшүнөн Олимпиаданын күмүш медалын уткан Акжол Махмудовго да берилди. “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президент Олимпиада байге ээлерин сыйлоо аземи өттү.

Бул биздин жалпы жеңишибиз, деп билдирди президент Садыр Жапаровдун катышуусундагы сыйлык тапшыруу аземинде Токиодогу Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов: «Кийинки олимпиадага жакшы шарттар түзүлсүн. Ага чейин жаштар чоңоёт. Алдыдагы Олимпиадада Кыргызстандын тарыхындагы биринчи алтын медаль болот деп ойлойм. Мындан да жакшы шарттар түзүлөт деп ишенем», – деди.

Ал эми Паралимпиадага 4 спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Министрлик тарабынан Дүйнөлүк Олимпиадага жана Паралимпиадага даярдык көрүү жана катышуу чыгымдары каралып, толук каржыланган жана уюштуруу жыйындары өткөрүлгөн.

Жайкы олимпиадалык оюндар Пьер-де-Кубертендин демилгеси менен 1896-жылы башталып, отуз экинчи оюнун Токиодо өткөзө албай турат. Төрт жылда бир жолу боло турган оюндар кайсы шаарларда өткөн:

1. Афины, Греция, 1896;

2. Париж, Франция, 1900;

3. Сент - Луис, АКШ, 1904;

4. Лондон, Улуу Британия, 1908;

5. Стокгольм, Швеция, 1912;

6. Биринчи дүйнөлүк согушка байланыштуу өтпөй калган;

7. Антверпен, Бельгия, 1920;

8. Париж, Франция, 1924;

9. Амстердам, Нидерланды, 1928;

10. Лос-Анжелес, АКШ, 1932;

11. Берлин, Германия, 1936;

12. 13. Дүйнөлүк экинчи согушка байланыштуу өткөн эмес.

14. Лондон, Улуу Британия, 1948;

15. Хельсинки, Финляндия, 1952;

16. Мельбурн, Австралия, 1956;

17. Рим, Италия, 1960;

18. Токио, Япония, 1964;

19. Мехико, Мексика, 1968;

20. Мюнхен, Германия, 1972;

21. Монреаль, Канада, 1976;

22. Москва, СССР, 1980;

23. Лос-Анжелес, АКШ, 1984;

24. Сеул, Түштүк Корея, 1988;

25. Барселона, Испания, 1992;

26. Атланта, АКШ, 1996;

27. Сидней, Австралия, 2000;

28. Афины, Греция, 2004;

29. Бээжин, Кытай, 2008;

30. Лондон, Улуу Британия, 2012;

31. Рио-де-Жанейро, Бразилия, 2016;

32. Токио, Японияда 2020-жылы өтмөк коронавирус илдетине байланыштуу 2021-жылга жылдырылган;

33. Париж, Франция, 2024.

Олимпиадалык оюндар Улуу Британиянын Лондон шаарында үч жолу, Франциянын Париж шаарында, Грециянын Афины шаарында эки жолу болгон. АКШда Сент – Луисте бир, Лос-Анжелесте эки жолу, Германиянын Берлинде бир, Мюнхенде бир, Австралиянын Мельбурнда бир, Сиднейде бир, Япониянын Токиодо бир жолу өткөн, экинчиси өткөнү турат. Акыркы жолу 2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн жайкы олимпиадалык оюндарга кыргызстандык белгилүү ишкер Аскар Салымбеков күйөрман катары катышканы белгилүү.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости