www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер Атамбаевдин бийлигин кландык- авторитардык башкаруу катары таануу жана экс-президенттин кол тийбестигин алып, аны жоопко тартуу маселеси көтөрүшүүдө. Ал эми Атамбаевдин тарапташтары Атамбаевди жоопко тартабыз деген "кур кыял" деген пикирлерин айтышууда.
Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын төрагасы Ахматбек Келдибеков азыркы бийликтин Атамбаевди жоопко тартканга саясий дарамети жетет деген көз карашта.
--Саясий куугунтуктун жеткен чеги Атамбаевдин бийлигинин тушунда болду. Ал өзүн "мыйзам мен, бардыгын мен чечем, мен айткандай гана болот" дегенге чейин жеткен. Мага окшоп соттолгондордун бардыгына чыккан өкүмдөр соттордо эмес, алгач Ак үйдөн ойлоп табылып, чыгарылган. Азыркы бийликтин мыйзамды тебелеп-тепсегени жана экономикалык кылмыштары үчүн Атамбаевди жоопко тартканга саясий эрки жетет деген ишенимдемин - деди Келдибеков.
Булак: КабарИнфо