www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда атпай кыргыз журту Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы мамилеге кулак түрүп турган кези. Айрымдар достор тууралуу чыккан маалыматтарды ар тараптуу карашууда. Кандай болгон күндө дагы эки хандын тирешин жаап жашырбасын, алгачкы “уруш” дисертациясын куудулдар менен баштаган, аң менен дөңдү байкабаган, Мээрбек Мискенбаев баарын 16-мартта “балп” эттирип салды. Ошентип Ойротту кызыктырган эки достун ортосундагы ич ара келишпестик ачыкка чыкты да калды.

Эсиңиздерге сала кетсек, экс-аташкабыз Алмазбек Атамбаев учурда мамлекеттик Ала-Арча резиденциясында жашайт. Ал тургай жеке менчик үй салып алган дешет. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак эки дос, Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев Кудай кошкон кошуна экен.

Так ушул тапта президент Сооронбай Жээнбековдун үйүнө тынымсыз барып турган конок Алмазбек Атамбаев деп уктук. Атамбаев, Сооронбай Жээнбековдун үйүнө учурда баттан каттап, келип чай ичип турат дейт. Эки үлкөн чайлашуу учурунда, кээде кер-мур айтыша кетип, ал тургай аташкабыз, жакын арада Жээнбековго карай “стойкага” турган имиш.

Канткен күндө дагы эки доско кудай ыйман-ынсап берсин. Жеке кызыкчылыктарын ойлобой эл камын ойлосо жакшы болот беле? Кыргыз эли ансыз деле асманга учуп кеткен 386 млн АКШ долларга тиштерин кычыратып турган мезгил. Кудай сактасын, бир күнү чыдамы кеткен эл СИЗДЕРГЕ “стойкага” чыгып жүрбөсүн.

Ачуу чындыкты басым жасап айта кетели, азыркы кырдаалга Алмазбек Атамбаев эмес, Сооронбай Жээнбеков керт башы менен жооп берет. Андыктан Жээнбековдо бийликти туруктуу сактап калуунун эки эле жолу бар... .

Баса, дүйнөгө түркүк болуп эч ким калган эмес...Эртеңки тарыхты да ойлоп койсоңуздар жакшы болот беле? Дагы 10 жылдан кийин сиздер жөнүндө “Ээр талашкан эки Хан” деген кино тартылып жүрбөсүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости