www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде ишкерлерди Ак ниеттүү ишкерлердин реестрине киргизүү маселеси боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө комиссия ишкердик субъекттеринен түшкөн 26 арызды карады.
Анын жыйынтыгында үч компанияны Ак ниеттүү ишкерлердин реестрине киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды.
Бул реестр ата мекендик бизнеске болгон ишенимди жогорулатуу, социалдык жоопкерчиликтүү ишкерликти колдоо, инвестициялык климатты жакшыртуу жана мамлекет менен бизнес чөйрөсүнүн ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөө максатында түзүлгөн.
Реестрге киргизүү компаниялардын ишкердик бедели жогору экенин, ишенимдүүлүгүн жана ак ниеттүүлүгүн тастыктайт.
Ошондой эле мамлекеттик органдар, бизнес-өнөктөштөр жана потенциалдуу инвесторлор менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.