www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан Ысык-Көл райондук өнүктүрүү фондунун каражаттарынан «Тамчы» эл аралык аэропортунун маңдайындагы эки аялдама пунктунун курулушунун мыйзамдуулугу текшерилди.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүүдө Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы Ф.К.Б Ысык- Көл районун өнүктүрүү фондунун директору Д.М.А. менен кылмыштуу бүтүмгө барып, өзүнүн кызматтык милдеттерин кыянаттык менен пайдаланып, келишимди бузуп, аялдама пункттарын куруу боюнча курулуш иштери башталбагандыгына жана бул объекттер келишимге ылайык сапатта кабыл алынбагандыгына карабастан «Д.Л.» ЖЧКсынын эсебине алдын ала 844 миң 100 сом акча каражатын которушкандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон. Кылмыш иштин алкагында Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы Ф.К.Б. жана 

Ысык-Көл райондук өнүктүрүү фондунун директору Д.М.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда иш боюнча тергөө иштери улантылып, курулган объектилер боюнча соттук курулуш, техникалык жана башка экспертизалар дайындалды. Бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости