www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-августта, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — министр Эрлист Акунбековдун төрагалыгында министрликтин коллегиялык жыйыны өттү.

Жыйында министрликтин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, оруп-жыйноо иштеринин жүрүшү жана күзгү айдап-себүү кампаниясына даярдык маселелери каралды.

Биринчи маселе боюнча министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу баяндама жасап, аткарылган иштердин жыйынтыктары жана алдыдагы сезондук иштер тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле дыйкан-фермерлерди үрөн, күйүүчү-майлоочу материалдар, минералдык жер семирткичтер жана башка зарыл ресурстар менен камсыз кылуу, айыл чарба техникаларынын даярдыгы талкууланды.

Мындан тышкары, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана агроөнөр жай комплексин 2030-жылга чейин өнүктүрүү программасынын негизги багыттары каралды. Ошондой эле «Агросмарт» мамлекеттик ишканасынын ишинин жыйынтыктары жана алдыдагы пландары талкууланды.

Жыйындын соңунда Эрлист Акунбеков оруп-жыйноо жана күзгү талаа иштерин уюшкандыкта өткөрүүнү, дыйкан-фермерлерди зарыл ресурстар менен өз убагында камсыз кылууну жана белгиленген милдеттердин сапаттуу аткарылышын камсыз кылууну тапшырды.

Жыйынтыгында тиешелүү чечимдер кабыл алынып, министрликтин алдыдагы мезгилге карата негизги милдеттери белгиленди.

Последние новости