www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Судьялар кеңеши 21-ноябрда Бишкек шаардык сотунун Б.С.И., Ж.М. жана А.К.К. аттуу мурдагы судьяларын кылмыш жоопкерчилигине тартууга ураксат берүү маселесин карап жатат. Мындай сунушту Судьялар кеңешине башкы прокурор берген.
Судьялар кеңешинин сайтындагы бул тууралуу маалыматта келтирилген үч адамдын ысымы буга чейин 17 жаштагы Айсулуу Мукашеваны өлтүрүүгө шектүүнүн мурдагы кылмыштары үчүн жазасын жеңилдеткен деп социалдык тармактарда аты аталган үч судьянын (Кайсын Абакиров, Жаңыл Мамбеталы жана Сания Бранчаева) ысымына туура келет.
Эске салсак, 17 жаштагы Айсулуу Мукашева 27-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Каракол шаарына курбусунукуна кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Анын сөөгү Боом капчыгайынан табылып, кордолуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Шектүү катары 41 жаштагы адам кармалган.
Жогорку соттун басма сөз кызматы шектүү буга чейин төрт жолу түрдүү берене менен соттолгонун билдирген.
Тактап айтканда, 2006-жылы Бишкектин Октябрь райондук соту ага Кылмыш-жаза кодексинин 1997-жылдагы редакциясынын 167-беренеси («Тоноо») менен айып тагып, 5 миң сом өлчөмүндө айып пул чегерген. Он жылдан кийин, 2016-жылы февралда ошол эле Октябрь райондук соту аны «киши өлтүрүүгө аракет жасаган» деген айып менен Кылмыш-жаза кодексинин 1997-жылдагы редакциясынын 28-беренеси («Кылмыш кылуу далалаты») жана 97-беренеси («Киши өлтүрүү) боюнча күчөтүлгөн тартиптеги колонияга 12 жылга камоо жазасын дайындаган. Бирок үч айдан кийин Бишкек шаардык соттук коллегиясы райондук соттун өкүмүн өзгөртүп койгон. Ал жерден айып Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси («Адам уурдоо») жана 168-беренеси («Каракчылык») боюнча тагылып, акыркы жаза катары мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга эркинен ажыратуу дайындалган, калган бөлүгүндө өкүм өзгөртүүсүз калган. Жогорку соттун басма сөз кызматы ал дайындалган жазасын өтөгөн деп билдирген.