www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айсулуу Тыныбекова 2028-жылы Лос-Анджелесте (АКШ) өтө турган Олимпиада оюндарына катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу ал Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында айтты.
«Кудай буюрса, 2028-жылкы Олимпиада оюндарына катышам. Спортко кайтып келем», - деди Тыныбекова.
Спортчу 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынган Париж олимпиадасынан кийин спорттук карьерасын убактылуу токтоткон болчу. Тыныбекова Кыргызстандын күрөш федерациясынын вице-президенти болуп дайындалып, андан соң турмушка чыгып, перзенттүү болгон.
Олимпиада оюндарына катышуу үчүн атайын лицензия утуу зарыл.