www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Келерки окуу жылынан тарта өлкө мектептеринде айрым сабактарды жалаң кыргыз тилинде окутуу пландалууда.

Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаева “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү жана окуучулардын кыргыз тилин өздөштүрүү деңгээлин жогорулатуу максатында бир катар предметтерди кыргыз тилинде окутуу каралууда.

Министр ошондой эле Кыргызстандын Конституциясына ылайык, өлкөдө жашаган бардык жарандар улутуна карабастан кыргызстандык болуп эсептелерин белгилеп, мамлекеттик тилди билүү ар бир жаран үчүн маанилүү экенин айтты.

Догдуркүл Кендирбаева жаңы окуу жылынан тарта бул багыттагы иштер этап-этабы менен ишке ашырыла турганын кошумчалады.

Последние новости