www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 31-мартында Улан-Батор ш. Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Айбек Молдогазиев мырза Монголиянын Улуттук Соода-өнөр жай палатасынын Президенти жана Башкарманын Төрагасы Баатаржавын Лхагважав мырза менен жолугушту.
Тараптар кыргыз-монгол кызматташтыгын соода-экономикалык тармакта мындан ары өнүктүрүү маселелерин эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы бизнес байланыштарды чыңдоону талкуулашты, ошондой эле ар кандай иш-чараларды уюштуруу, анын ичинде 2026-жылы Кыргыз-Монгол ишкердик кеңешинин жыйынын уюштуруу маселеси каралды.
Элчи А. Молдогазиев жолугушууда алдыдагы ишкердик кеңештин жыйынынын мазмундуу болушунун маанилүүлүгүн белгилеп, бул ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө болорун баса айтты. Мындан тышкары, тараптар келечектеги инвестициялык долбоорлорду, өз аймактарында өткөрүлө турган эл аралык иш-чараларды, транспорттук-транзиттик байланыштарды өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосундагы соода жүгүртүүнү көбөйтүү маселелерин талкуулашты.
Өз кезегинде, Б. Лхагважав мырза кызматташууну кеңейтүү максатында Элчилик жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен тыгыз иш алып барууга даяр экендигин тастыктады. Ал ошондой эле ЕАЭБ менен Монголиянын ортосундагы Убактылуу соода макулдашуусунун күчүнө кириши өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө мүмкүндүк берерин белгилеп, бул багытта кыргыз тараптын тажрыйбасын изилдөөгө кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында Тараптар талкууланган маселелер боюнча активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашышты.