www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Кулжа районунда айыл өкмөттүн башчысы жергиликтүү депутатты жана анын апасын сабап салган деп шектелүүдө. Ош ОИИБинин маалыматына караганда, окуя 29-август күнү Кара-Кулжа айыл өкмөтүнө караштуу Биринчи Май айылындагы депутаттын үйүндө болгон.
Маалыматка ылайык, чыр айыл өкмөт жетекчисинин айылдагы көчөнү жарыктандыруу боюнча долбоор жазып, бирок көчөнү толук жарыктандырбаганы депутат сындагандан улам чыккан. Мушташ учурунда айыл өкмөт жетекчиси 21 жана 17 жаштагы уулдарын чакырып, депутатты сабап салышкан. Ошондой эле депутаттын 70 жаштагы апасына да кол көтөрүлгөнү айтылууда.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, айыл өкмөт жетекчиси убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми анын улуу уулу үй камагына чыгарылса, кичүүсү өспүрүм болгондуктан камактан бошотулган.
Булак: "NazarNews.kg"