www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Катта-Талдык айыл аймагында жайгашкан “Катта-Талдык” асыл тукум мамлекеттик заводуна барды.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, министр заводдун ишмердиги жана чарбанын абалы менен таанышты.

Чарбанын жетекчилигине М. Өмүрзаковго асыл тукум уяң жүндүү койлордун башын көбөйтүүнү жана шарт түзүүнү, ошондой эле, меринос койлорун аймакка жайылтууну тапшырды.

Маалымат үчүн: Бүгүнкү күндө жалпы республикада уяң жүндүү койлордун саны 130 миң башты түзсө, анын 2800-3000ге жакыны “Катта-Талдык” асыл тукум мамлекеттик заводунда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости