www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу кыргызстандыктар! Урматтуу элим! Учурда өлкөбүз абдан оор мезгилди баштан өткөрүп жатат. Тилекке каршы, таажы вирусу Кыргызстанды кыйгап өтпөй, элибиздин башына апаат күндөрдү алып келди. Тилекке каршы, бул илдетке чалдыгып, ондогон мекендештерибиз дүйнө менен кош айтышып кете берди. Жакындарын жоготкондордун аза-кайгысын тең бөлүшөм.

Учурда илдет менен күрөшүп жаткандарга ден соолук каалайм, батыраак сакайып чың күндөргө кайтып келиңиздер. Менин да жакындарым бул илдет менен ооруп жатат. Алар менен күнү-түнү байланышып, кудайдан бул күндөрдөн аман чыгышыбызды тилеп жатам. Өз өмүрүн тобокелге салып, кызыл зонада иштеп жаткан эр жүрөк дарыгерлерге таазим этем. Азыркы күндөгү сиздердин мекен үчүн кылып жаткан эмгегиңиздер ат көтөргүс. Сиздерге чын дилден ыраазычылык билдирем!

Өзүм алыста болсом да жүрөгүм Кыргызстанда. Мекенимдеги кырдаал жөнүндөгү маалыматтарды мүнөт сайын окуп турам. Элим менен кошо ыйлап, кошо кубанып жашап жатам. Мени эң кубантканы – бул кыргызстандыктардын биримдиги. Башыбызга караан күн түшкөндө эч ким четте калбай, бири-бирине кол кабыш кылып, өз өмүрүн тобокелге салып, жардамдашып жаткан күчтүү жарандык коом бар экени мени сыймыкка бөлөдү. Пандемиянын экинчи толкуну катуу сокку урду. Мына ушул соккуга каршы биздин дарыгерлер башында турган ыктыярчылар, ишкерлер, маданият кызматкерлери, бардык кайдыгер эмес инсандар бир муштумга биригип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып иш алып барып жатышат. Бул урпактарыбызга сабак боло турчу иш. Ушундай элдин кызы экендигиме сыймыктанам!

Кудайдын буйругу менен бул күндөр да өтөт. Аманчылыкта көрүшөлү. Кыргызстаныма тынчтык жана бакубат жашоо каалайм!

Айтурган Темирова, актриса

Булак: NazarNews.kg

Последние новости