www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Жаңы шайланган парламент келгенге чейин эски парламент турат” деген жобого таянып, оюна келгенди жасап жатышат”,-деди бүгүн, 13-мартта NazarNews маалымат агенттигине саясат талдоочу, көз карандысыз журналист Айданбек Акматов.
-- Референдумду кабыл алуу мыйзамына депутаттардын көпчүлүгү катышканы жоопкерчилигин сезишкениби же бийликке каршы чыгуудан кооптонушканыбы?
--Көпчүлүк депутаттар бизде президенттин ыгы менен болот. Ал эмнени айтса, ошону аткарат. Ал Атамбаев болобу, Жээнбеков болобу, Жапаров болобу, ал экинчи нерсе. Президент болсо болду. Анын сөзүн аткара беришет, көзүнүн агы менен айлана беришет. Бул бир жагынан мамлекеттик саясаттын ырааттуу жүрүшүнө керек нерседей. Бирок мыйзамдуулукту карабай, көздөрүн байлатып алгандай жетеленип баратканы “байкуштар” дегенге аргасыз кылат.
--Неге президенттик башкаруу десе эле караманча каршы чыгып, конституцияны да кошоматчылар жазды дегендер чыга баштады?
--Бул жерде саясий күрөш жүрүп жатат. Өздөрүнүн тазалыгына ишенгендер, ар кандай басымдарга туруштук бере алгандар, өз көз карашы, ынанымы барлар өз позициясын айтып жатат. Андай айтууга абдан олуттуу жана орчундуу жүйөө бар. Бизде Жогорку Кеңеш 5 жылга шайланат. Азыркы депутаттардын беш жылдык мөөнөтү былтыр октябрь айында бүткөн. Демек, алардын Конституция кабыл алуу, конституциялык мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү сыяктуу орчун маселелерди кароого укуктары жок. Бирок алар жана бийлик “жаңы шайланган парламент келгенге чейин эски парламент турат” деген жобого таянып, оюна келгенди жасап жатышат. Мындай жол менен кете турган болсок, Жогорку Кеңештин депутаттарынын мөөнөтүн эсепсиз жылдарга узартып, каалаган мыйзам, конституцияларды кабыл алдырып отура берсек болобу? Анда Жогорку Кеңештин депутаттары 5 жылга шайланат, бийликтин булагы эл деген негизги жоболор эмне болот?
Булак: NazarNews.kg