www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Самарканд облусунун мүлк талашка байланышкан талаш-тартыш маалында агасы менен жеңесин балталап салган жашоочусу Бактиёр Шүкүров 22 жылга соттолду.

Самарканд облустук сотунун 12-августта чыгарган чечимине ылайык, Шүкүров жаза мөөнөтүн катаал режимдеги абакта өткөрөт жана ага карата мунапыс колдонулбайт.

Быйыл 14-мартта Бахтиёр Шүкүров аны ата-энесинин үйүнөн чыгып кетүүнү талап кылган 58 жаштагы агасы менен жеңесин бычактап салган.

Анын туугандары «Азаттыктын» өзбек кызматына соттун бул чечимине ыраазы экендиктерин билдиришти. Алар Шүкүров 2003-жылдын 2014-жылга чейин «талоончулук» жана «адам өлтүрүү» беренелери менен бир нече жолу түрмөгө отуруп чыкканын айтышты. Акыркы жолу ал президент демилгелеген мунапыстын негизинде 2014-жылы эркиндикке чыккан.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости