www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде «Кыргызстандагы жаштар арасында онлайн-агрессиянын чакырыктары» аттуу темада тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чарага министрдин орун басары Лира Самыкбаева, Агартуу министрлигинин кызматкерлери, РПККЖнын өкүлдөрү, шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн, ошондой эле билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү катышты. Жыйынга оффлайн жана онлайн форматта жалпы 84 катышуучу катышты.
Тегерек столдун жүрүшүндө «Таалим-Форум» коомдук фондунун изилдөөчүлөрү өспүрүмдөр жана жаштар арасында кибербуллингдин жана санариптик жек көрүүнүн жайылышы боюнча жүргүзүлгөн изилдөөнүн (2025-ж.) жыйынтыктарын сунушташты. Сурамжылоого Кыргызстандын 7 облусунан, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынан 128 билим берүү мекемесинин 12 жаштан 25 жашка чейинки 2096 респонденти катышкан.
Изилдөөнүн жыйынтыгында акыркы бир жыл ичинде ар бир экинчи адам онлайн-агрессиянын ар кандай көрүнүштөрүнө туш болгону аныкталды. Ошондой эле айрым жаштар үчүн терс санариптик тажрыйба кадимки жүрүм-турумдун «нормасына» айланып бара жатканы белгиленди.
Мындан тышкары, реалдуу жашоодогу буллинг менен онлайн-агрессиянын өз ара байланышы өзгөчө көңүл бурулду. Изилдөө көрсөткөндөй, мектеп чөйрөсүндө пайда болгон чыр-чатактар санариптик мейкиндикте да уланып, өспүрүмдөр менен жаштардын психоэмоционалдык абалына таасирин тийгизет.
Талкуунун жүрүшүндө билим берүү уюмдарында коопсуз санариптик чөйрөнү түзүү боюнча сунуштар берилди. Алар нормативдик базаны өркүндөтүүнү, «кибербуллинг» түшүнүгүнө юридикалык аныктама берүүнү жана интернет мейкиндигинде балдарды коргоо боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгууну камтыйт. Ошондой эле билим берүү тармагында санариптик маданиятты өнүктүрүү, санариптик этика программаларын киргизүү, педагогдор менен психологдорду коопсуз онлайн жүрүм-турум боюнча даярдоо жана окуучуларга психологиялык колдоону күчөтүү зарылдыгы белгиленди.
Балдар арасындагы кибербуллингди азайтуу мектептердин, үй-бүлөлөрдүн жана санариптик платформалардын биргелешкен жана системдүү аракеттерин талап кылары айтылды. Учурда «Таалим-Форум» коомдук фонду мугалимдер үчүн өспүрүмдөр арасындагы кибербуллингди аныктоо, алдын алуу жана ага жооп кайтаруу боюнча практикалык колдонмо иштеп чыгууда.
Иш-чара «Интернеттеги жек көрүүгө каршы бирге: жаштар үчүн алдын алуу жана чара көрүү стратегиялары» аттуу эл аралык долбоордун алкагында өткөрүлдү. Долбоор «Таалим-Форум» коомдук фонду тарабынан Гамбург университети жана Германиянын академиялык алмашуу кызматы (DAAD) менен биргеликте ишке ашырылууда.