www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Афганистанда жасалган ири көлөмдөгү баңгизатты Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга алып өткөн эл аралык кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, мурда бир нече жолу соттолгон 62 жаштагы чет өлкөлүк жаран кармалган. Анын жанынан 51 килограмм гашиш алынган.

Тергөөнүн маалыматтарына ылайык, кармалган жаран Тажикстандан баңгизат алып келип, Кыргызстан аркылуу Өзбекстандын аймагына алып өтүп, ошол жакта тараткан кылмыштуу топтун жетекчиси болгон.

Учурда бул схеманын бардык катышуучулары жана баңгизатты жеткирүү жолдору аныкталып жатат.

Последние новости