www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Афганистандын чыгышындагы Гиндукуш аймагында 6,0 баллдык жер титирөөдөн жүздөгөн киши каза тапканын "Талибан" кыймылы билдирди.

АКШнын Геологиялык кызматы (USGA) маалымдагандай, жер титирөө 31-августта жергиликтүү убакыт боюнча 23:45те болгон. Анын очогу Желал-Абаддан түндүк-чыгышы көздөй 27 чакырым алыстыкта орун алган.

«Кунар провинциясында 800дөн ашуун киши каза таап, 2500дөйү жаракат алды, мындан тышкары көптөгөн үйлөр талкаланды. Нангархар провинциясында 12 адам каза таап, 255и жараат алды. Ондогон турак жайга зыян келтирилди», - деди талибдер өкмөтүнүн өкүлү Абдул Матин Кане.

Жер титирөөдөн жабыр тарткан райондорго миңдеген куткаруучулар, аскерлер тартылып, уранды астынан адамдарды куткарып калуу иштери жүрүп жатат.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш, башка мамлекеттер жаратылыш кырсыгына байланыштуу афган элине көнүл айтып, колдоо көрсөтүүдө.

 

Последние новости