www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Жапониянын адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча гранттык стипендиялык программасынын (JDS) Кыргыз Республикасында ишке ашырылышынын 20 жылдыгына арналган форумга катышты.
Министрлер Кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинети адам капиталын өнүктүрүүнү өлкөнүн узак мөөнөттүү стратегиялык приоритети катары караарын белгиледи. Ал JDS программасын мындан ары кеңейтүүгө жана жаш мамлекеттик кызматкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө кызыкдар экенин билдирди.
«Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа ишке ашырылган 20 жылдын ичинде 300дөн ашуун жараныбыз Рицумейкан, Мэйдзи, Цукуба, Хиросима жана Жапониянын эл аралык университети сыяктуу алдыңкы университеттерде билим алышты. Албетте, алардын илим жана технология, эл аралык мамилелер, социалдык өнүгүү, экономикалык саясат, мамлекеттик башкаруу, аймактык өнүгүү, бизнес-администрация, маалыматтык технологиялар жана инновациялар жаатында алган билими биздин коомго жана экономикага тике жана кыйыр таасирин тийгизет жана тийгизе берет.
Жапонияда билим алган мекендештерибиз бүгүнкү күндө мамлекеттик органдарда, эл аралык уюмдарда жана илимий чөйрөдө жооптуу кызматтарды ээлеп, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошууда. Жапонияда билим алган мекендештерибиз бүгүнкү күндө мамлекеттик органдарда, эл аралык уюмдарда жана илимий чөйрөдө жооптуу кызматтарды ээлеп, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошууда. Бул – программанын чыныгы натыйжасы», - деген ал, Кыргыз Республикасындагы Жапониянын Элчилигине, ошондой эле JICA жана JICE уюмдарына ыраазычылык билдирип, алардын системалуу колдоосу эки элдин ортосундагы мамилени чыңдоого жана кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө олуттуу салым кошконун белгиледи.
Адылбек Касымалиев Жапония Чыгыш өлкөлөрүнүн арасында биринчилерден болуп экономикалык керемет жаратып, Корея жана Малайзия сыяктуу мамлекеттер үчүн үлгү болуп, ошондой эле дүйнөлүк илим менен техниканын авангардына айланганын айтып сөзүн улантты. Анын айтымында, Жапониянын тажрыйбасы Кыргызстан сыяктуу чыгыш өлкөсү да эң жогорку ийгиликтерге жетише аларына ишенимди бекемдейт.
«Акыркы жылдары бизде чоң ийгиликтерге жетише алабыз деген ишеним пайда болду. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүү темпи 11,1%ды түздү. Ошентип, акыркы төрт жылда ИДПнын орточо реалдуу өсүшү 10,2%ды түздү. Бул аймактык жана дүйнөлүк масштабда абдан жогорку көрсөткүч. Биз дагы экономикалык керемет жасоого үмүттөнөбүз жана аны «Ак илбирстин секириги» деп атайбыз.
Дүйнө Японияны ата-бабалардын каада-салттарын заманбап техника жана технологиялар менен укмуштуудай айкалыштыра алган өлкө катары билет. Биздин оюбузча, мамлекеттик пландоонун фирмалардын жана корпорациялардын кызыкчылыктары менен шайкеш келүүсү өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Биз сиздердин тажрыйбаңыздарды өздөштүрүп, индикативдик пландоонун ушундай моделин өзүбүздө колдонууга аракет кылып жатабыз. Жапонияда экономикалык жана социалдык процесстерди болжолдоо жана экономикалык саясатты илимий негизде жүргүзүү жакшы жолго коюлганын баса белгилейм", - деди ал.
Министрлер Кабинетинин башчысы JDS программасы мамлекеттүүлүктү чыңдоого жана кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө багытталган узак мөөнөттүү стратегиялык механизм экенин баса белгиледи. Буга байланыштуу ал программанын бүтүрүүчүлөрү алдыңкы өлкөдө алган билимин улуттук жоопкерчилик менен айкалыштырган муундун өкүлдөрү экенин белгиледи. Ар бир бүтүрүүчү бул программанын аркасында сапаттуу, заманбап билим алып, элибиздин жана экономикабыздын өнүгүшүнө татыктуу салым кошууга даяр.