www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жана Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин «Автомаш-Радиатор» заводуна барышты.
Иш сапардын жүрүшүндө делегация заводдун өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышып, цехтерди, заманбап технологиялык линияларды жана чыгарылып жаткан продукцияларды көрүштү.
Ишкананын жетекчилиги өндүрүштүн учурдагы абалы, кубаттуулугу, колдонулуп жаткан технологиялар жана келечектеги өнүгүү пландары тууралуу кеңири маалымат берди.
Белгилей кетсек, «Автомаш-Радиатор» заводу беларус өнөктөштөрү менен он жылдан ашуун убакыттан бери ийгиликтүү кызматташып келет. Жолугушуунун жүрүшүндө өнөр жай кооперациясын кеңейтүү, өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу жана Кыргызстан менен Беларусь ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөө маселелери талкууланды.
Тараптар эки өлкөнүн өнөр жай тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүү экономикалык байланыштарды чыңдоого жана жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөрүн белгилешти.