www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев дипломатиялык миссиясы аяктап жаткан Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулерди кабыл алды.

Адылбек Касымалиев Николас Боулердин Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясы учурунда эки тараптуу кызматташтык байкаларлык жанданганын белгиледи.

Минкаб башчысы Николас Боулерге эки өлкөнүн мамилесин чыңдоого кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирип, министрлер кабинетинин ардак грамотасын тапшырды.

Өз кезегинде Николас Боулер өзүнүн миссиясы учурунда көрсөтүлгөн колдоо үчүн Кыргызстандын жетекчилигине жана мамлекеттик мекемелерине ыраазычылык билдирди.

Жыйынтыгында тараптар кыргыз-британ мамилелерин мындан ары да бекемдөөгө, өз ара ишенимге жана урмат-сыйга негизделген өнөктөштүктү тереңдетүүгө болгон бекем ниетин билдиришти.

Последние новости