www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстан Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында Ташкент шаарындагы Ислам цивилизациясынын борборуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Уникалдуу эл аралык илимий-билим берүү комплексинин ишмердүүлүгү менен таанышуу Ташкент инвестициялык V эл аралык форумунун алдында өткөрүлдү.

Азербайжан, Беларусь, Кыргызстан жана Тажикстан мамлекеттеринин өкмөт башчыларын Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов коштоп жүрдү. 

Анда ислам илиминин, маданиятынын жана агартуусунун өнүгүшүнө Борбор Азия элдеринин көп кылымдык салымын чагылдырган кол жазмалардын, артефакттардын жана уникалдуу экспонаттардын бай коллекциясы тааныштырылды. Ошондой эле, Ыйык Куран залын да көрүп чыгышты. 

Борбор Өзбекстандын исламга чейинки жана ислам доорундагы бай маданий мурасын, илим, билим жана санариптик технологиядагы заманбап жетишкендиктерди камтыйт. Борбордун ишмердүүлүгү аймактын дүйнөлүк цивилизациянын өнүгүшүнө кошкон салымын изилдөөгө, сактоого жана жайылтууга багытталган.



Таанышуунун жүрүшүндө Ислам цивилизациясынын борборунун тарыхый булактарды, руханий мурасты жана заманбап изилдөөлөрдү бириктирген илимий-билим берүү жана маданий борбор катары маанилүүлүгү белгиленди.

Иш-чаранын соңунда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев  Ислам цивилизациясынын борборунун ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды.

Последние новости