www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Улуттук иденттүүлүк жана руханий баалуулуктар – Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн негизи” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулду. Конференцияга мамлекеттик кызматкерлер, эксперттер, диниятчылардын, дипломатиялык корпустун жана жарандык коом институттарынын өкүлдөрү катышты.
Салтанаттын жүрүшүндө МинКаб Төрагасы Президент Садыр Жапаровдун куттуктоосун окуп берди. Куттуктоодо белгиленгендей, отуз жылдын ичинде агенттик дин тутуу эркиндигин камсыз кылуу, конфессиялар аралык тынчтыкты сактоо жана социалдык консолидацияны бекемдөө боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун маанилүү инструментине айланган.
Иш-чара расмий сыйлыктарды тапшыруу аземи менен жыйынтыкталды. Адылбек Касымалиев Агенттиктин кызматкерлерине, ошондой эле ведомствонун түзүлүшүнө, мамлекет менен дин диалогун өнүктүрүүгө, Кыргызстанда улуттар аралык тынчтыкты чыңдоого зор салым кошкон дин кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды жана Министрлер Кабинетинин сыйлыктарын тапшырды.