www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Президенттик администрациянын аппараттык жыйынында 100 күндүк «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында ишке ашырылган эки реформанын жыйынтыгын чыгарды.
Биринчи реформа товарларды идентификациялоо жана бажылык жол-жоболоштуруу үчүн уруксат берүүчү документтерди алуу процессин жөнөкөйлөтүүгө багытталды.
Реформанын алкагында мамлекеттик органдар «бирдиктүү терезе» системасына интеграцияланып, жасалма интеллект технологияларын колдонгон ai.trade.kg платформасы ишке киргизилди. Натыйжада мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү мөөнөтү 14 жумушчу күндөн 3 күнгө чейин кыскарды.
Экинчи реформа аскерге чакыруу курагындагы жарандарды медициналык кароодон өткөрүү процессин санариптештирүүгө арналды.
«Sanarip Clinic» маалыматтык системасынын негизинде электрондук медициналык текшерүү модели киргизилип, пилоттук долбоор Чүй облусунда ишке ашырылды.
Анын алкагында 788 жаран санариптик текшерүүдөн өтүп, бардык маалыматтар электрондук форматта иштелип чыгып, «Түндүк» системасы аркылуу жөнөтүлдү.
Маалыматка ылайык, реформалар административдик тоскоолдуктарды азайтып, кызмат көрсөтүүлөрдүн ылдамдыгын жана ачыктыгын жогорулатууга мүмкүндүк берди. Ал эми санариптик медициналык кароо модели келечекте өлкө боюнча жайылтылат.