www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Баткен облустук прокуратурасынын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышып, Баткен облусунда жүрүп жаткан ири өзгөрүүлөр тууралуу айтты.
Анын айтымында, өлкө үчүн эң маанилүү болгон мамлекеттик чек ара маселеси толук чечилип, Кыргызстандын аймактык бүтүндүгү так аныкталды.
«Баткен жергесинде ири иштер жүрүп жатат. Башкысы, жүрөктү өйүгөн негизги маселе болгон чек ара маселеси чечилди. 2025-жыл мамлекеттик чек ара толук такталып, өлкөнүн аймактык бүтүндүгү аныкталган тарыхый жыл катары жазылды. Үч мамлекеттин чек аралары кесилишкен жерде Түбөлүк достук жөнүндө Худжанд декларациясына кол коюлду. Бул келишим күчтүн эмес, акылдын жеңиши болду», — деди Касымалиев.
МинКаб төрагасы Баткен эли оор сыноолорду баштан өткөргөнүн белгилеп, бүгүнкү күндө аймакта жаңы жашоонун эшиги ачылганын айтты.
Ошондой эле ал өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрү өсүп жатканын белгилеп, ички дүң продукциянын көлөмү 2 трлн сомго жеткенин, мамлекеттик бюджет 1 трлн сомдон ашканын билдирди.
«Кыргыз мамлекети күчтөндү. Өлкөнүн бардык аймактарында ири курулуштар жүрүп жатат.
Акыркы эки жылда аймактык прокуратуралар үчүн 30дан ашык жаңы имарат курулду.
Бул прокуратура органдарынын натыйжалуу иштөөсү үчүн түзүлүп жаткан шарттардын бири», — деди ал.
Сөзүнүн соңунда Адылбек Касымалиев прокуратура кызматкерлерин мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылууга, мамлекеттин жана жарандардын кызыкчылыктарын коргоодо адилеттүү жана жоопкерчиликтүү иштөөгө чакырды.