www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Бостон Консалтинг Групп” (Boston Consulting Group) компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташуунун мындан аркы келечектүү багыттары жана Кыргыз Республикасынын экономикасын туруктуу өнүктүрүү кызыкчылыгында биргелешкен иштердин жаңы мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Акыркы эки жылда тараптардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн мазмундуу жана ишенимдүү форматы түзүлгөнү белгиленди. Компаниянын жардамы менен Кыргыз Республикасы үчүн маанилүү стратегиялык документтер иштелип чыккан.
Кыргыз тарап бул жаатта мындан аркы иштердин, эл аралык кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүүнүн жана дүйнөгө таанымал инвесторлорду тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
"Кыргыз Республикасы конструктивдүү өнөктөштүк үчүн ачык жана биз өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө даярбыз. Биздин эшигибиз ар кандай экономикалык тармактардын узак мөөнөттүү жана туруктуу өнүгүүсүнө кызыкдар жооптуу инвесторлор үчүн ар дайым ачык", - деди МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев.
“Бостон Консалтинг Групп” компаниясынын өкүлдөрү өз кезегинде Кыргыз Республикасы менен мындан ары да натыйжалуу кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.